Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо жараяны

Download Report

Transcript Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо жараяны

Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу
Дин иштери боюнча мамлекеттик
комиссиясы
Баяндамачы: Чотаев З.Д., Турсунбеков З.А.
Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты
реформалоо жараяны

 2014-жылдын 3-февралында кабыл алынган Кыргыз
Республикасынын Коргонуу кеңешинин «Кыргыз
Республикасындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик
саясатты реформалоо жөнүндөгү» чечими.
 2014-жылдын
7-февралында
Кыргыз
Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев
“Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү
мамлекеттик саясат боюнча Коргонуу кеңешинин
чечимин ишке ашыруу тууралуу” Жарлыкка кол
койгон.
Кыргыз Республикасынын Коргонуу кеңешинин
бул Чечиминде төмөнкүлөр белгиленет:

 «Дүйнөдөгү акыркы окуялардын талдоосу жана Кыргыз
Республикасынын эгемендик жылдарындагы тажрыйбасы
диний чөйрөдөгү кийлигишпөө абалы, мамлекеттин жөнгө
салуучу функцияларынын начарлоосу ката стратегия
экендигин көрсөтүштү.
 Өлкөдөгү диний кырдаалга жетишсиз көңүл буруу чырчатак, диний кагылышуулар түрүндө терс кесепеттерге
жана мамлекеттин бөлүнүү коркунучуна алып келиши
мүмкүн экендиги, бир катар өлкөлөрдө болуп өткөндүгүнөн
көрсөттү».
 Натыйжада диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты
реформалоо чечими кабыл алынды.
Кыргыз Республикасын Коргонуу кеңешинин чечимин
ишке ашыруу максатында диний чөйрөдөгү мамлекеттик
саясатты реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ал
жумушчу топ төмөнкү багыттар боюнча иш алып
барууда:

1. 2014-2020-жылдарга
Кыргыз
Республикасынын
диний
чөйрөдөгү мамлекеттик саясат Концепциясын иштеп чыгуу;
2. Кыргыз Республикасын УКМК, ИИМ жана ДИМК
ишмердүүлүктөрүнүн функционалдык талдоосун жүргүзүү;
3. Мыйзам
чыгаруу
актыларына
өзгөртүүлөрдү
жана
толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4. КМДБ ишмердүүлүгүнүн функционалдык талдоосун жүргүзүү.
Концепцияны иштеп чыгуу боюнча топтун
мүчөлөрү
мамлекеттик
органдар,
диний
уюмдардын
өкүлдөрү,
динтаануу
жана
саясаттаануу тармактарынын адистеринен турат.

 2014-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний
чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоору
даярдалып чыкты
 2014-жылдын апрель-май айларында аталган Жумушчу топтун
мүчөөлөрү
ДИМК
жана
Кыргыз
Республикасынын
Президентинин Аппараты менен биргеликте, Кыргызстандын
баардык облустарында диний уюмдардын, жарандык коомдун,
жергиликтүү мамлекеттик башкармалыктардын жана өзүн өзү
башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн арасында Концепциянын
долбооринин талкуусу жүргүзүлдү
 Концепциянын долбооруна толуктоолор жана өзгөрүүлөр
киргизилип, анын акыркы версиясы 2014-жылдын жай
мезгилинде бүтөөрү пландаштырылууда
 2014-жылдын апрель айында УКМК, ИИМ жана ДИМКнын
ишмердүүлүктөрүнүн функционалдык талдоосу жүргүзүп
чыгып, аталган мекемелердин диний чөйрөдө өз ара
аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча сунуштар даярдалып
чыкты

 Диний чөйрөдөгү мыйзам чыгаруу актыларына
киргизилүүчү
өзгөртүүлөр
жана
толуктоолордун
долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ Кыргыз
Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний
уюмдар жөнүндө» Мыйзамына жана өлкөдөгү өзгөрүп
кеткен диний чөйрөнү жөнгө салуунун укуктук жолдору эске
алынган Кыргыз Республикасынын «Административдик
жоопкерчилик жөнүндө» Кодексине өзгөртүүлөр жана
толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарын даярдап чыгуу
менен өзүнүн ишинин биринчи баскычын аяктады.
КМДБнын функционалдык талдоосу жүргүзүлүп чыгып, аны
реформалоо боюнча бир топ кеңештер сунушталган.
Муфтияттын 2014-жылдын 4-мартында болуп өткөн Кыргызстан
мусулмандарынын Курултайында кабыл алынган жаңы Уставынын
иштелип чыгуусуна ДИМК тарабынан көмөк көрсөтулдү.

2014-жылдагы ажылыкты өткөрүүнү даярдоо максатында КМДБнын,
мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн
катышуусунда мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.
Аталган комиссиянын алкагында ажылыкты уюштурууда ачык жана
таза процедуралардын киргизилишин эске алган талапкерлерди
тандоо жараянын өткөрүү жөнүндө жобо иштелип чыккан. Ошондой
эле аталган процессте паракордук механизмдерди алып салуу жана
азайтуу максатында, талапкерлерди тандоо үчүн электрондук чүчүкулак программасы иштелип чыккан. Учурда ажыга баруучулар
ортосунда чучу-кулак программасы аяктады.
Бүгүнкү күндө КМДБ Кыргызстандагы дин кызматкерлери арасында
аттестация өткөрүү жараянын баштады.
Диний чөйрөдөгү радикалдашууну эскертүү
максатында, Кыргызстанга салттуу келген
исламды илгерилетүүнүн мамлекеттик саясаты

 Дүйнөдөгү болуп жаткан акыркы окуялар, анын
ичинде диний радикалдашуу жараяны Кыргызстанды
да өзүнө камтып алды.
 Башка диний агымдарды жана кыймылдарды
айтпаганда эле исламдын ичиндеги келбетине,
кийимине, сыйынуу атрибуттарына жана акыйдасына
карата бөлүнүп-жарылуу көрүнүштөрү аз эмес.
 Бул көрүнүштөрдүн чыгышына дээрлик сырттан
келген диний тайпалардын пикирлери жана көз
караштары себепкер болууда.

 Коргонуу кеңешинин чечиминен келип чыккан
милдеттерди аткаруу боюнча мамлекеттик органдар менен
жарандык коомдун уюмдарына, диний уюмдарга, КМДБга
өздөрүнүн практикалык ишин, конфессиялар аралык
ынтымакты жана диний сабырдуулукту бекемдөөгө
багыттоо боюнча өз ара жигердүү аракеттенүү сунуш
кылынган.
 Натыйжада, Кыргызстанда кылымдардан бери практика
кылынып келген исламдын жана анын, биздин
маданиятыбыз менен айкалышып келгендигин, тагыраак
айтканда үрп-адатыбыз менен гармонияда болуп
келгендигин эске алуу менен, элибизге салттуу болгон
исламды, башкача айтканда суннит исламынын салттуу
ханафий мазхабын жана матуридия акыйдасын кеңири
жайылтуу алдыңкы маселелерден болуп каралды.
Ханафи мазхабы – деген эмне?

 Мазхаб – ар. мектеп. Анын негиздөөчүсү Абу Ханифа
Нуъман бин Сабиттин (699-767ж.ж.). Бул мазхаб исламдын
башка үч мазхабынан (шафиъий, маликий, ханбалий)
өзүнүн либералдуу теологиялык көз карашы (ар. ырай)
менен айырмаланып, мамлекеттик саясатка, элдик каадасалтка (динге каршы келбесе эле) каршы чыкпастан, динди
өзгөчө теориялар менен элге жеңил түрдө жеткирүүнү
негиз катары карайт. Анын пикирине далил катары
Мухаммед пайгамбардын (сав) хадисинде айтылгандай:
“Акыйкатта бул дин жеңил дин. Бирок ким дин менен
күрөшөм десе, баары бир дин аны жеңип коёт. (Ошон үчүн
аша чаппай) туурасын (ортосун) кармангыла, (эгер ага
алыңар келбесе, жок дегенде) жакындагыла, (эгер ошондой
кылсаңар, анда) кубана бергиле” (Бухари, Иман 29)
Матуридия акыйдасы – деген эмне?

 Акыйда – ар. адамдын жүрөгүндөгү бекем ишеним түйүнү. Абу
Мансур аль-Матуридий ас-Самаркандий (940ж.өлгөн)
эсептелинет. Анын динде болгон негизги максаты рационализм
же болбосо акыл менен ой жүгүртүп дин түшүнүгүн чечмелөө
болгон. Бул багытта орто кылымдарда Түркстандан бир топ
аалымдар чыгып, өздөрүнүн эмгектерин калтырышкан. Алардын
катарына Абуль-Муъин ан-Насафи, Абу Умар ан-Насафи, АбулЛейс ас-Самарканди, Сираажуд-Дин аль-Оший, Абу-Бакр асСерахси аль-Узгенди ж.б. Бул аалымдардын шарият
өкүмдөрүндөгү ыкмалардын бири катары мантыкка (логикага)
жана калямга (акыл жүгүртүү менен куранды жана хадистерди
түшүндүрүү) таянып динди мультиконфессионалдуу коомдогу
калың элге жеңил жеткирүүнү көздөгөндүгүндө болгон.
Кыргызстанга салттуу келген ислам

 Убакыттын өтүшү менен либералдуу исламдын пикирлери
кыргыздардын арасына жайбаракат тараган. Көбүнесе
соодагерлер аркылуу, о.э. ооз эки түрүндө макал-лакап, ыр
түрүндөгү дивандар, тарбиялык маанайдагы жомоктор
аркылуу кеңири жайылганын Ахмед Яссавинин
шакирттерине берген насааттары аркылуу байкасаак болот.
Анын бизге жеткен муундары катары Тоголок Молдо,
Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Нурмолдо, Жеңижок ж.б.
чыгармаларынан байкасак болот. Ал эми жазма жолу жана
билим берүү тармагында болсо Кыргызстанда болгон
дээрлик медреселерде ошол убактагы молдолор билген
билимдерин «усул кудама» же «усул кадим» б.а.
эскилердин ыкмасы менен окутулуп келишкен.

 19-кылымдын аягында жаңы ыкма “усули жадид” же
болбосо “жадидизм” медреселери негизделет. Бул
медреселердин мурункусунан айырмасы дин менен светтик
билимдер берилип, анда акыл менен ой жүгүртүү базалык
ресурс катары каралган. Аталган диний окуу жайлар
ханафий мазхабынын өкүлү катары Кыргызстандын
көпчүлүк аймагында кеңири жайган. Анын өкүлдөрүнөн
кыргыздын алгачкы интеллигенциясы калыптанып,
натыйжада кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө чоң
өбөлгө түзгөн. Алардын катарына А.Сыдыков, И.Арабаев,
Т.Айтматов, К.Тыныстанов, Б.Солтоноев, О.Сыдыкуулу
ж.б. кирет. Натыйжада Кыргызстандын мамлекет катары
калыптанышына салттуу исламдын ойногон ролу эбегейсиз
зор экендигин байкалат.
Даммулла Хиндустани

 СССР доорунда жашаган салттуу исламдын көрүнүктүү аалымы (18921989ж.ж.) . Ал дин эркиндиги берилген “перестройка” мезгилиндеги
сырттан келген радикал-фундаменталисттик пикирлердин өкүлдөрүнө
каршы туруп, алар менен бир топ тартышмаларга катышкан. Ал
тартыштын негизги себеби салттуу ханафи мазхабы менен матуридия
акыйдасынын сынга алынышы жана алардын такфирчилик
(ыймансыздык дооматы) маанайдагы айтылган айыптоолору
эсептелинген. Хиндустани дин үчүн күч колдонуп күрөшүүгө каршы
болуп, күчтүү душмандын колунан өзүн жана башкаларды маанисиз
өлүмгө дуушар кылуу чоң күнөө деп эсептеген. Светтик мамлекет
мусулмандарга либералдуу мамиле кылса, аны дин багытында
пайдалануу Хиндустани үчүн чоң жетишкендик болгон. Ал мусулман
өлкөлөрүнөн алып келинген радикалдуу диний кыймылдардын
“исламды тазалоо” деген жат пикирлерине каршы турган.

 Эгемендүүлүк жылдарындагы акыркы окуяларды,
анын ичиндеги экстремизм көрүнүштөрүнө жана
террордук актыларга туш болгон Кыргызстандын
тажрыйбасы көрсөткөндөй, мамлекеттин динге
аралашпаган абалы, аны кайрадан диний чөйрөдөгү
жаңы багытка бет алуусуна мажбур кылып, натыйжада
ата-бабадан бери келе жаткан салттуу исламды
илгерилетүүнүн багытын көздөдү. Бул жагдайга
жогоруда эскерип өткөндөй Коргонуу кеңешинин
чечими күбө боло алат.