Презентация "Махмуд Кашгари"

Download Report

Transcript Презентация "Махмуд Кашгари"

Махмуд Кашгари

Бүгүн сиздерге түрк тилинин өнүгүүсү, чет
элдиктерге өзгөчө арабдарга түрк тилин
үйрөтүүнү максаттаган «Дивану лугат-ит-түрк»
аттуу чыгарманын жазуучусу, филолог,
этнограф, жана географ Махмуд Кашгари
жөнүндө маалымат беребиз. Махмуд
Кашгари алгачкы түрк тилчиси. Өмүр баяны
жөнүндө билингендер абдан аз. Ортого
койгон чыгармалары менен түрк тилине
абдан чоң кызмат кылган. 11-кылымда
Караханид мамлекетинде чоңойгон.
Белгилүү чыгармасы «Лугат-ит-түрк».
Махмуд Кашгари, тектүү үй-бүлөдөн чыккан.
Өзүнүн айтымына караганда атасы Барскан
дубанын бийлеп турган. «Диван» китебин
Халифа Абул-Касым Абдуллах бен
Мухаммедүл-Муктеди би-Эмриллахка 1072жылы берген. 1071-1077-жылдардын
арасында Багдадда болуп, түрк тили жана
маданиятынын араб дүйнөсүнө
таанытылуусунда чоң роль ойногон.
Ушундан улам Махмуд Кашгаринин 1025жылдары туулуп, 1090-жылдары дүйнөдөн
кайтканы жана 11-кылымдын алгачкы үч
чейрегин жашаганы божомолдонууда.

Доорунун Ибни Фадлан, Гердизи,
Тахир Мервези, Мухаммед Авфи,
Бейхаки сыяктуу алдыңкы түрк
коомчулугуна кызыккан Ислам
аалымы жана саякатчылары менен
бирге Махмуд Кашкари, мүчөсү
болгон улутунун социалдык жана
маданий турмушуна кызыгып, бул
үчүн түрк аймактарын карыш карыш
кыдырган. Ансыз да доорунда
Мусулмандыкты кабыл алган жана
алгачкы түрк мамлекети болгон
Караханид, түрк тилин мамлекеттин
расмий тили кылган. Анын бул
ийгиликтеринде мамлекеттин да
жардамчы болуусу жана ушул
сыяктуу маданий демилгелердин
колдоого алынышы роль ойногон.
Чындыгында өкүмдарларга
сунулган чыгармалар бул доордо
кызыгууларды тарткан жана
жазуучуларга сыйлыктар берилген.

Түрк тили, Ислам дүйнөсүнө бул доордо
мамлекеттик тил катары кирген.
Түркчө бул доордо материалдык жана
маданий тармакта өнүккөн адабиятка
ээ эле. Бирок бул материал эл ичинде
болгондуктан баш аламан болгон жана
чогултулууга муктаждыгы бар эле.
Оозеки адабияттын жазууга
өткөрүлүүсү, түрк тилинин жана түрк
маданий деңгээлинин билинип баа
берилүүсү качылгыс мажбурдуулук
болгон. Бул жагдайлардын ишке
ашуусунун негизинде түрк тили
жашоосун уланта алып жана кеңири
аянтка жайылган Түрк дүйнөсү бир тил
менен сүйлөшүлүп жаза алмак эле.
Түрк тилинин өнүгүүсү үчүн аракет
кылган 2 кишинин бири Махмуд
Кашгари, бири болсо Жусуп
Баласагын. Экөө тең ортого койгон
чыгармалары менен түрк тил
биримдигинин кылымдар боюнча
улантылуусунда маанилүү роль
ойношкон. Махмуд Кашгари, түрк тил
жана маданиятын, арабдарга таанытуу
жана үйрөтүү максатында кызмат
кылган.

Махмуд Кашгари, филолог, этнограф жана
географ болгон. «Дивану лугат-ит-түрк»
аттуу чыгармасында, жашаган доорундагы
түрк аймактарынын жана урууларынын
диалекттерин аныктаган. Ошентип түрк
маданият жана салттарына таандык
маалыматтарды чогулткан жана
материалдын жоголуусуна бөгөт болгон.
Ушундайча түрк тилинин бай казынасын,
араб жана перс тилдеринин жанындагы
баалуулугун далилдегенге аракет кылган.
Ал түгүл «Китабу Жевахирүн-Нахви Лүгат-иттүрк» аттуу грамматикасын, түрк тилин
арабдарга үйрөтүү максатында жазган.
Ушундайча өзү, түрк тил жана
маданиятынын жогорулоо жана өнүгүүсүндө
чоң роль ойногон. Мухмуд Кашгари
чыгармасын жазып жатып, түрк
аймактарын, Мусулмандар жашаган
жерлерди бир-бирден кыдырып, түрк тилине
жана маданиятына таандык маалыматтарды
абдан кылдаттык менен изилдеп,
чыгармасына алган. Ансыз да, түрктөрдүн
бардык аймактарын, түздүктөрүн кыдырып
көргөнүн; түрк, түркмөн, огуз, чигил, ягма,
кыргыз урууларынын тилдерин зээнинде
жазганын, ар бир түрк бөлүгүнүн говор жана
диалектисин ылдам түрдө ортого койгонун
белгилеген. Булардын барын
салыштыргандан кийин; түрк говор жана
диалектинин эң оңоюнун огуз, ал эми эң көп
колдонулганынын ягма жана тухси
диалектиси, адабий диалекти катары болсо
хандар сүйлөгөн мамлекеттик тил болгон
Кашгар түркчөсү экени боюнча натыйжага
барат.

Махмуд Кашгаринин белгилүү эки
чыгармасы бар. Булардан биринчиси
«Дивану Лугат-ит-түрк» аттуу чыгармасы
болуп саналат. Абдан чоң маданий
казынасы болгон жана араб тилинде
жазылган бул чыгарма, жазылган
убакыттан бери түрк дүйнөсүнүн эң баалуу
жана негизги чыгармасы болуп, түрк тили
жана маданиятынын казынасы болду.
Диван, бул жагы менен жөн гана сөздүк,
энциклопедия эле эмес. Анда абдан бай
материалбар. Ушул жагы менен дүйнө
адабиятында теңдеши жок чыгарма.
Чыгармада түрк тилинин арабча
ачыктоосу да берилген.

Бир картаны да камтыган Диван, түрк
топономиясына да керек болгон бааны
берген. Тамгалары менен бирге түрк
улуттаранын аттарынын берилүүсү,
чыгарманын көңүлдөрдү бурган жагы. Бул
жерде огуз уруусуна таандык 22 уруктун
тамгасы орун алган. Али Эмири
Эфендинин аракеттери менен табылган
чыгарма боюнча тилчилер да ишчараларды жүргүзүштү. Чыгарма маданият
министрлиги тарабынан 1990-жылы түп
нускасына ылайык түрдө басылды.